Бишкектин Чүй проспектисине жаңы чырактар орнотулду

10:09, 28 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Чүй проспектисине — Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин жаңы чырактарды орнотту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын жумушчулары 84 даана «Санкт-Петербург» чоюн тирөөчтөрүн орнотушту. Ошондой эле 3 миң метр узундуктагы өзүн кармай турган изоляцияланган зым (СИП) өткөрүштү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Жаңы чырактар орнотулду
Мындан тышкары, алар проспектиге параллель өткөн жөө адамдар аллеясын жарыктандырышты.

Ушундай эле чоюн тирөөчтөр Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки тилкеге ​​орнотулду.