Садыр Жапаров чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин эстелигин ачты

13:21, 28 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 28-майда президент Садыр Жапаров «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон аскер кызматкерлерине тургузулган эстеликтин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар коштоп жүрүштү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон жоокерлердин эстелигин ачты
Аскер кызматкерлери эстеликтин жабуусун алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылды.

Мемориалга гүл коюудан кийин катышуучулар маркумдарды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Андан соң үч жолу ок атылды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Мындан кийин чогулгандар куран окушту.

Соңунда президент Садыр Жапаров баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.