Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон-Арстанбап-Кызыл-Үңкүр унаа жолундагы селдин кесепеттери толугу менен жоюлду. Бузулган участоктор тазаланып, калыбына келтирилип, эки багытта кыймыл уюштурулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
27-майдан 28-майга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Көкту-Колот участкасында сел жүрүп, унаа жол жарым-жартылай жабылган.
Окуя болгон жерге кызматкерлер жана атайын техника жөнөп кеткен.