22:38
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

1-6-июнь аралыгында Бишкектеги Агропромдун имаратынын алдында «Улуттук баалуулуктар айыл чарбадан башталат» көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада улуттук баалуулуктардын символдору: идиш-аяк, суусундук, кийим-кече, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, музыкалык аспаптар, булгаары жана жыгачтан жасалган буюмдар көрсөтүлсө, ата мекендик өндүрүшчүлөр кайра иштетилген продукцияларын тартуулашат.

Айыл чарба министрлиги
Фото Айыл чарба министрлиги. Жарманке
Иш-чаранын алкагында мастер-класстар, улуттук баалуулуктар тууралуу кызыктуу маалыматтар, агрардык тармакта болуп жаткан иштер, айыл чарба тармагына тиешелүү бардык маселелер боюнча консультациялар өткөрүлөт. Жаш конокторду анимациялар, оюндар жана даамдуу балмуздак күтөт. Ошондой эле мыкты катышуучуларга сыйлыктар ыйгарылат.
Эң көп окулган жаңылыктар