27-майда ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын мурдагы мэри Баткен облусунун тургуну 1960-жылы туулган жаран кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупциялык аракеттерди жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош шаарынын Масалиев проспектиси (мурда Кыргызстан көчөсү) дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин Ички аскерлеринин балансына өткөрүп берилгени аныкталган. Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмак — үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүү укугу жок. Бирок буга карабастан мыйзамдарды бузуу менен Ош шаарынын мэри тарабынан мыйзамсыз токтомдор чыгарылып, анын натыйжасында жер тилкеси мамлекеттин менчигинен чыгарылып, коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өткөрүп берилген. Бул аймакта кийин мейманкана курулган.Тергөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 72 009 000 сом зыян келтирилгени аныкталып, ал толугу менен кайтарылган. Мейманкана жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Учурда шектүү кармалып, процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет.