17:50, 28 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүндөн тарта «Эйр Астана» компаниясы Алматы-Ош-Алматы багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизет. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына 4 жолу — шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Белгиленгендей, бүгүн саат 17.20да «Ош» аэропортуна биринчи каттамдын конуусу күтүлүүдө.
Билеттердин баасы 6300 сомдон башталат.