06:07
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Москва Киевге тынчтык сүйлөшүүлөрдү 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуштады

Москва Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасын Стамбулда 2-июнда өткөрүүнү сунуштады.Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Министрдин айтымында, жолугушууда президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеген орусиялык делегация Киевге Москванын позициясы жазылган меморандумду тапшырууга даяр. Документ буга чейин иштелип чыккан.

«Орусия тарап кризистин түпкү себептерин ишенимдүү жоюунун бардык аспектилери боюнча биздин позициябызды чагылдырган тиешелүү меморандумду иштеп чыкты. Владимир Мединский жетектеген биздин делегация аны украин делегациясына сунуштоого жана кийинки дүйшөмбүдө, 2-июнда Стамбулда кайра башталган түз сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында керектүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр.»

Эске салсак, Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 2025-жылдын 16-майында Стамбулда өткөн. Орусиялык делегацияны президенттин жардамчысы Владимир Мединский, ал эми украиналык делегацияны коргоо министри Рустем Умеров жетектеди. Негизги жыйынтык 25-майда аяктаган «1000ге 1000» формуласы боюнча ири масштабдагы туткундарды алмашуу боюнча макулдашуу болду. Экинчи раунддун алкагында тараптар бири-бирине потенциалдуу тынчтык келишими боюнча өз көз караштарын билдириши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар