01:14
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандан чет өлкөлөргө тоңдурулган жемиштердин экспорту 40 эсеге өстү

2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстан тоңдурулган жемиштердин экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 40 эсеге өстү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган.

Маалыматка ылайык ылайык, 2024-жылдын январь-март айларында 20,5 миң долларга 4 тонна гана тоңдурулган мөмө-жемиш экспорттолгон. 2025-жылдын ушул эле мезгилинде жеткирүүнүн көлөмү 155,4 тоннага чейин көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынан тоңдурулган жемиштердин негизги сатып алуучулары КМШ өлкөлөрү болгон. Азыктардын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга — 59 тонна, Казакстанга — 57,3 тонна, Орусияга — 39,1 тонна жөнөтүлгөн.

Экспорттун олуттуу өсүшүнө логистиканын олуттуу жакшырышы жана тоңдурулган азыктарды сактоо үчүн кампалардын ачылышы болду. ,Ошондой эле мөмө-жемиштерди кайра иштетүү көлөмүнүн көбөйүшү таасир эткен.

Эң көп окулган жаңылыктар