02:10
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Дайырбек Орунбеков Клооптун кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий берди

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда «Kлooптун» кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, чет өлкөдө жүргөн журналист-иликтөөчү Болот Темиров жаштарды батыштык өнөктөштөр бөлгөн гранттын эсебинен каржылаган.

«Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган Клооп сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар — А.Эркебаева (1999-ж.т.), З.Сыдыгалиева (2000-ж.т.), Ж.Дуулатов (2002-ж.т), А.Александров (1997-ж.т) жана З.Болот кызы (1999-ж.т.)», — дейт ал.

Ал белгилегендей, мурдагы жана азыркы ЖМК кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин жана Болот Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарганын моюнга алып, аны менен кызматташуудан баш тартышкан. Алар жалган билдирүү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын буйруктарды аткарганын айтышты«, — деп жыйынтыктады Дайырбек Орунбеков.

Кечээ, 28-майда «Клооп» басылмасынын бир нече журналисти жана мурдагы кызматкерлери УКМКга суракка жеткирилишкен.

Андан соң «Клооптун» оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалганы маалымдалды. Ал эми басылманын журналисттери Айдай Эркебаева, Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар