УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы М.В.Фрунзе атындагы машина куруучу заводко барды. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө заводдун аймагында 200гө жакын субъект иштейт, алардын бир бөлүгү ар кандай буюмдарды (тиричилик химиясы, металл конструкциялары, типографиялар, тигүү цехтери, пластикти кайра иштетүү, курулуш материалдары, тамак-аш азыктары) өндүрүү менен алектенет жана бир бөлүгү кампа жайлары үчүн колдонулат.
Буга байланыштуу ишкерлер К.Ташиевге түзүлгөн кырдаалды чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Мындан улам, УКМК төрагасынын келишине карата заводдун аймагында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, бизнес өкүлдөрү менен жеке баарлашууга шарт түзүлдү.
УКМК башчысы ошондой эле жакынкы келечекте аталган ишканалар өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүп, инфраструктураны жакшыртып, инвестицияларды тартып, өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугун өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.