Монголияда күрөш турнири. Кыргызстандыктар биринчи күнү алты медаль утуп алышты

08:00, 30 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Монголияда күрөш боюнча «Ulaanbaatar Open» рейтингдик турнири өтүүдө. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.

Грек-рим стилиндеги мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстанга алтын медалдарды Раззак Бейшекеев (67 кг), Асан Жанышев (87 кг), Үзүр Жүзүпбеков (97 кг) алып келишти.

Күмүш медалдын ээси Улан Муратбек уулу (55 кг) менен Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг).

Коло байгени Ырыскелди Хамзаев (72 кг) алды.

Белгилей кетсек, турнир 1-июнда жыйынтыкталат.