02:36
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Акыйкатчы Екатеринбургдагы мекендештер менен жолукту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россияга болгон иш сапарынын алкагында Екатеринбург шаарында мекендештер менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, жолугушууга Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова да катышты.Акыйкатчы менен баарлашууга Свердлов облусу жана Екатеринбург шаарында жашап, эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары жана диаспора лидерлери келишти.

Мекендештердин суроолоруна Екатеринбургдагы Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишев дагы жооп берди. Жолугушууда эмгек мигранттарын каттоо, кош жарандуулук, балдардын билим алуусу, Россиянын аэропортторундагы текшерүүлөр жана башка актуалдуу темалар көтөрүлдү.

Жамиля Жаманбаева белгилегендей, Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова жана Свердлов облусунун адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Мерзлякова менен түзүлгөн меморандумдун негизинде көп маселелер чечилип жатат.

Мигранттар Кыргызстанда окуп жаткан балдары бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айтышты. «Балдарыбыз өз мекенибиз Кыргызстандын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында окушат, бирок алар Россиянын жараны болгондуктан кыйынчылык туудуруп жатат. Ар үч ай сайын өлкөдөн чыгып турууга мажбур болушууда», — дешти алар.

Максат Тентимишев ата-энелерге балдарына кыргыз жарандыгын дагы алып, чек арадан өткөндө ошол паспортту колдонууга кеңеш берди. Кыргызстандыктар Екатеринбургдагы миграциялык борбордогу узун кезек көйгөйүн да көтөрүштү.

Татьяна Мерзлякова ал борбор жабылып, анын ордуна чоңураак жана ыңгайлуу имарат ачыларын билдирди. Диаспора лидерлери жаңы миграциялык борборго ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө зал ачууну өтүнүштү.

Кыргыз жарандары Россиянын мамлекеттик органдарынан аэропорттордо текшерүүлөрдү жөнөкөйлөтүүнү да суранышты.

Мындан тышкары, алар Екатеринбург шаарынын бийлигине да кайрылып, шаардын бир көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну өтүнүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар