Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук статистика комитети, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен «Балдардын статистикасы» жаңы интерактивдүү порталын расмий түрдө ишке киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Балдардын статистикасы» интерактивдүү порталы — бул ар кандай чөйрөдө балдардын абалына байланыштуу негизги көрсөткүчтөрдү ыңгайлуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү заманбап санариптик инструмент.
Тагыраак айтканда, балдардын жалпы абалы жөнүндө маалыматтарды натыйжалуу чогултууну жана талдоону камсыз кылат, ошондой эле балдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жакшыртат. Порталга компьютер жана уюлдук телефон аркылуу кирүүгө болот.
Бул портал балдардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторингди жакшыртуу максатында жана БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 2025-2028-жылдарга карата корутунду байкоолорун ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу максатында иштелип чыккан.