Бишкекте балдардын"Наристе" фольклордук фестивалы башталат

20:21, 30 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Балдарды коргоо күнүнө карата 31-майда Бишкекте V Эл аралык «Наристе» фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалга 11 мамлекеттен келген 500 бала катышып, 4-июнга чейин уланат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фестивалга өлкөнүн жети облусунан Эл аралык жана Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү, Венгрия, Кытай, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Түркия жана Россия Федерациясынын шаарларынан: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Тыва Республикасы жана Татарстан Республикасынан келген чыгармачыл топтор катышат.

1-июнда саат 19.00дө Ала-Тоо аянтында фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл топторунун майрамдык концерти болот.