Бүгүн Бишкектин Ленин районунун бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

09:00, 02 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 2-июнда Бишкектин Ленин районунун бир бөлүгүндө диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

Жайыл Баатыр — Арча Бешик — Арашан — Санжыра — Муромский — Айни — Көпүрө Базар — И. Ахунбаев — Репин көчөлөрү менен чектешет.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.