Кыргызстанда 63 адвокаттын лицензиясы убактылуу токтотулду

12:42, 02 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Юстиция министрлиги 2025-жылдын 22-майындагы № 61а буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Адвокатура кеңешинин сунушунун негизинде 63 адамдын жактоочулук иш жүргүзүү укугуна лицензиясы токтотулганын билдирди.

Буйрук «Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынган жана лицензиялар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аларды токтото турууга негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин кайра калыбына келтирилет.

Токтотулган лицензиялар жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтында Лицензиялардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жайгаштырылган.