10:32
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бала-Саруу ГЭСинде электр энергиясын иштеп чыгаруу эки эсеге көбөйдү

2025-жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча Бала-Саруу ГЭСинде электр энергиясын өндүрүү дээрлик эки эсеге өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

«Бүгүнкү күндө станция 47,5 миллион кВт саат электр энергиясын өндүрдү. 2025-жылдын январь—июнь айлары үчүн план 25,5 миллион кВт саатты түзгөн. Демек, пландан ашыкча өндүрүлгөн көлөм 22,0 миллион кВт саатка жакын. Бул станциянын жана анын кызматкерлеринин туруктуу жана натыйжалуу ишинин далили болуп саналат» — деди энергетикалык компаниянын техникалык директору Бекжан Бакенов.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Бала-Саруу ГЭСинде электр энергиясын иштеп чыгаруу эки эсеге көбөйдү

Белгилей кетсек, бул станция президент Садыр Жапаров тарабынан салтанаттуу түрдө ачылган. Учурда белгиленген графикке ылайык, үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Эске салсак, 2025-жылдын 21-майында Бала-Саруу ГЭСи ишке киргизилгенине бир жыл болду. Бала-Саруу ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК тарабынан башкарылат.

Гидроэлектростанция Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан жана жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч гидроагрегат менен жабдылган. Бала-Саруу ГЭСи күн сайын Талас облусундагы болжол менен 19 миң абонентти электр энергиясы менен камсыздап, региондун энергетикалык коопсуздугуна салым кошууда.

Эң көп окулган жаңылыктар