2025-жылы Кыргызстан Numbeo дүйнөлүк жашоонун наркы рейтингинде 139 өлкөнүн ичинен 121-орунду ээлеген.
Дүйнөдөгү эң ири шаарлардын жана өлкөлөрдүн маалымат базасы жашоонун наркынын индексин эсептеп чыгып, тиешелүү рейтингди түздү (Өлкө боюнча Жашоо наркынын индекси). Эксперттер ар кайсы өлкөлөрдө жашоо канчалык кымбат экенин баалашты.
Рейтингди түзүүдө товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы, анын ичинде ижара акысы, коммуналдык кызматтар, тамак-аш, ресторандын баасы, жергиликтүү тургундардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү эске алынган. Цифралар Нью-Йорктогу (АКШ) жашоо деңгээли менен салыштырылган. Рейтинг алдыңкы он өлкө жашоо үчүн эң кымбат, ал эми акыркылары арзаныраак болуп түзүлөт.
Кыргызстан 25,4 баллдык индекс менен жашоонун баасы төмөн өлкөлөрдүн тобуна кирди.
Өзбекстан 127, Казакстан 114, Белоруссия 123, Орусия 132 жана Армения 63-орунда болушкан. Рейтингде Тажикстан менен Түркмөнстан көрсөтүлгөн эмес.
Жашоо үчүн эң кымбат өлкөлөр АКШнын Виргин аралдары, Швейцария, Исландия, Багам аралдары жана Сингапур болсо, эң арзаны Ооганстан, Индия, Египет, Ливия жана Пакистан болду.