Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевди парламентке чакырууну суранды.
Эл өкүлүнүн айтымында, балдарды мектепке киргизүүдө көйгөйлөр жаралууда.
«Биринчи жана 2-класстын окуучуларынын ата-энелери кайда кайрылбасын, орун жок экени айтылып жатат. Билим берүү министрлигинин имаратынын жанына көп ата-энелер чогулуп турат. Бул маселе боюнча министрдин жана мэрдин маалыматын кийинки жыйында угууну сунуштайм», — деди ал.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстандын мектептеринде 127 миңден ашык бала катталган. Анын ичинде 1,7 миң бенефициарлар. 162 миңден ашык орун бош калууда.
Бишкек шаарында 10,8 миңге жакын бала 1-класска, 12,7 миң бала экинчи класска кабыл алынды.