05:22
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

ЖК депутаттарына каникулга чейин чет элдик иш сапарларга чыгууга тыюу салынды

Жогорку Кеңештин депутаттарына каникулга чейин чет элдик жана ички иш сапарларга чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу жыйында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Ал белгилегендей, сессиянын аягына чейин алты гана отурум калды.

«Алдыда эки ай каникул болот: шайлоочулар менен жолугушуу бир ай, бир ай каникул. Ошондуктан урматтуу депутаттар, өзгөчө фракция лидерлери, депутаттык топтор, комитет төрагалары чет элдик жана ички иш сапарларды токтото тургула, ал тургай чакырган тарап төлөгөн учурда да барбагыла. Эч кимге уруксат берилбейт. Таарынбагыла. Биз абдан маанилүү деп жатабыз», -деди төрага

Эске салсак, парламенттин жыйыны 26-июнда аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар