13:29, 04 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ош облусунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүүнүн алкагында «Карим-Ата» ЖЧКсынын кароолчулары тарабынан Кытай Эл Республикасынын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алар дарыядан балыкты атайын электрондук балык уулоочу шаймандарды колдонуу менен мыйзамсыз түрдө кармап жаткан жеринен кармалган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарды табигый ресурстарды мыйзамсыз пайдаланбоого, айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын катуу сактоого чакырат. Мыйзам бузган адамдарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.