Кыргызстанда биринчи шамал электр станциясынын пайдубалы куюлду. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Бул күн чыныгы өзгөрүүлөрдүн символуна айланды. Кыргызстан шамал энергетикасын өнүктүрүүдө биринчи жолу сөздөн ишке өтүп жатат», — деп билдирди Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, шамал электр станциясын «Метрум ТЭК» компаниясы Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Каракол эркин экономикалык аймагында курууда. Ал 2025-жылдын август айында кубаттуулугу 1 МВт болгон алгачкы шамал генератору ишке берилет. Жалпы 100 МВтка эсептелген шамал паркы эки фазада курулат:
-биринчи фазада — 21 турбина, жалпысынан 50 МВт,
-экинчи фазада — ар бири 2,5 МВт болгон дагы 20 турбина.
Курулуш жана эксплуатациялоо этаптарында бул станция 50гө чейин жумуш ордун түзүп, жергиликтүү бюджетти камсыздайт жана социалдык инфраструктурага инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.