Айзиректи өлүмү. Блогер Айбек Уланов милиция кызматкерлери тарабынан кармалды

09:06, 05 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеваны кемсинткен блогер Айбек Уланов Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен кол топтоп жаткан демилгелүү топ билдирди.

Фото Архивден алынды. Блогер Айбек Уланов милиция кызматкерлери тарабынан кармалды

Адвокат Шердор Абдыкапаровго шилтеме берүү менен Айбек Улановго расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козуткан деген айып тагылып жатканы айтылат.

КР Кылмыш-жаза кодексинин бул беренесинде беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин адвокат Шердор Абдыкапаров блогер Улановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча петиция жарыялаган, аны бир канча миңдеген адамдар колдогон.