17:57, 05 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн саат 16:18де Нарын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.