Өзбекстандын футбол курамасы биринчи жолу Дүйнө чемпионатына жолдомо алды

08:00, 06 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Бириккен Араб Эмираттарын (БАЭ) менен оюнда 0:0 эсебинде тең чыкты. Бул жыйынтык менен өзбек курамасы тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатына жолдомо алды

Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Өзбекстан өз тайпасында 18 упай менен экинчи орунда турат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдагы дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Мексика жана Канадада өтөт.