Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты коррупцияга шектелип кармалды

15:04, 09 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.К.С. (Кенжебек Бокоев) укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Фото Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы. Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалды

Маалыматка ылайык, экс-депутат бүгүн,9-июнда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган.

Кенжебек Бокоев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, Кенжебек Бокоев V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика Ата Журт» партиясынан шайланган.