10-июнга карата аба ырайы

19:18, 09 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 10-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17.. +22, күндүз +28... +33;

Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +25... +30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +29... +34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11... +16, күндүз +21... +26;

Нарында түнкүсүн +9... +13; күндүз +20... +25;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +30... +32 градус болот.