Кыргызстанда 12 жылдык билим тууралуу алгачкы аттестаттар качан берилери айтылды

15:24, 10 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында алгачкы сертификаттар 2028/29-окуу жылынын жыйынтыгы менен берилет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева билдирди.

Анын айтымында, 2025/26-жаңы окуу жылынан тарта 5-7-класстар жаңы программа жана окуу китептери боюнча окууга өтөт.

«Программалар интеграцияланат. Мисалы, 5-класстарда 5-6-класстардын материалдары болот», — дейт Назира Дюшеева.

«Быйыл биз бир гана секирик жасап жатабыз: нөлдүк делген окуучулар, мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдар түз эле 2-класска барат. Башка секирүү болбойт», — деп кошумчалады билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.