13:50, 11 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн Бишкекте УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү.
Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар бөлүмү билдиргендей, «Менин үйүм» турак-жай программасынын алкагында 77 чек арачы Маликов көчөсү, 91 дарегиндеги «Мурас Ордо» турак жай комплексинен батир алышты.
Белгиленгендей, жыл аягына чейин борбор калаадан дагы 60 чек арачыга батирлер берилет. Ошондой эле, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы 100 үй-бүлө конуш майрамын белгилешет.
Акыркы беш жылдын ичинде 570тен ашык чек арачылардын үй-бүлөлөрү жаңы батирлерге ээ болушту.