Чоң-Кеминде алтын казуудан жергиликтүү бюджетке 220 млн сомго чейин киреше түшөт

16:23, 11 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Долпран кенин иштетүү жергиликтүү бюджетке 150 миллиондон 220 миллион сомго чейин кошумча киреше берет. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, учурда айыл өкмөт дотацияда турат.

«Кенди иштетүүнүн аркасында 200гө жакын жумуш орундары пайда болуп, кызматкерлер 50 миң сомдон жана андан жогору айлык алышат. Жумушчулардын 90 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт», — дейт Алмаз Кенжебаев.

Ал белгилегендей, алтын, күмүш жана жезди казууга лицензияны кытайлык «Инши» компаниясы алган. Казуу шахта ыкмасы менен жүргүзүлөт.

Чоң-Кемин улуттук жаратылыш паркынын аймагына зыяны тийбейт. Иш аяктагандан кийин жерди рекультивациялоо жана жашылдандыруу убада кылынууда.