17:30, 11 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги менен биргеликте ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек беш баланы мекенине кайтарды.
Кайтып келген балдардын үчөө жакын туугандарынын камкордугуна өткөрүлүп берилди. Калгандары Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды.
Эмгек министрлиги жашы жете электердин укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө маани берет. Бул багытта чет өлкөдөгү балдардын кызыкчылыгын коргоо максатында эл аралык уюмдар, дипломатиялык жана консулдук мекемелер менен активдүү кызматташуулар жүргүзүлүүдө.