11:34
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Индияда жүргүнчү учагы абага көтөрүлгөндөн кийин дароо кулады

Индиянын Гуджарат штатындагы Ахмедабад аэропортуна жакын жерде «Air India» авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы кулап түшкөнүн жергиликтүү India Today басылмасы билдирди.

Бүгүн, 12-июнда учак Лондонго учуп жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак асманга көтөрүлө албай, Ахмедабаддын турак жай аймагына кулап түшкөн.

Басылма учакта 242 адам болгонун маалымдайт.

Эң көп окулган жаңылыктар