Индияда жүргүнчү учагы абага көтөрүлгөндөн кийин дароо кулады

16:09, 12 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Индиянын Гуджарат штатындагы Ахмедабад аэропортуна жакын жерде «Air India» авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы кулап түшкөнүн жергиликтүү India Today басылмасы билдирди.

Интернеттен алынды. Индиянын Ахмедабад шаарындагы учак кырсыгы
Бүгүн, 12-июнда учак Лондонго учуп жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак асманга көтөрүлө албай, Ахмедабаддын турак жай аймагына кулап түшкөн.

Басылма учакта 242 адам болгонун маалымдайт.