20:10
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 13-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14... +19, күндүз +24... +29;

Талас жергесинде түнкүсүн +13... +18, күндүз +23... +28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +28... +33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11... +16, күндүз +17... +22;

Нарында түнкүсүн +7... +12, күндүз +15... +20;

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +27... +29 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар