Бүгүн Астанада Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги сессиялары аяктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаралардан кийин ассамблеяга мүчө-мамлекеттердин парламент башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда талкууланган маселелерге кыскача токтолушту.
Отурумунда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу «TURKTIME: парламенттик дипломатиянын ролу» деген ураан алдында өткөн жыйындын маанилүүлүгүн белгилеп, түрк мамлекеттери заман чакырыктарына ылайык, келечекке биргеликте кадам шилтеши керектигин кошумчалады.
«Кыргызстан ар дайым боордош түрк мамлекеттери менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Бүгүнкү жыйын дагы бир жолу көрсөткөндөй, парламенттер ортосундагы диалог бул тектеш калктардын ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуунун жана саясий жакындашуунун негизги аянтчасы болуп эсептелет», — деген төрага каралган маселелерге учкай токтолду.
Тагыраагы Нурланбек Тургунбек уулу боордош мамлекеттердин парламент төрагалары менен бирге аймактык жана глобалдык коопсуздук, миграция жана жаштар саясаты, климаттын өзгөрүшү жана жашыл күн тартиби өндүү маселелер боюнча пикир алышканын сөз кылды.