Ысык-Көл облусунда 638 миллион сомдук бир нече социалдык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында 12,81 гектар жер тилкесинде жайгашкан мурдагы «Геолог» пансионаты жана «Орлёнок» балдар эс алуу лагери мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткени аныкталган.