«Геолог» пансионаты жана «Орлёнок» лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды

10:44, 13 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ысык-Көл облусунда 638 миллион сомдук бир нече социалдык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында 12,81 гектар жер тилкесинде жайгашкан мурдагы «Геолог» пансионаты жана «Орлёнок» балдар эс алуу лагери мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткени аныкталган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. «Геолог» пансионаты жана «Орлёнок» лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды
Прокурор тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде жер тилкелери бар аталган объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылган.