Кийинки жылы мектепке электрондук каттоо эртерээк башталат. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.
Анын айтымында, быйыл балдарды мектепке каттоо учурунда системага катталган ата-энелердин санынын көп болушунан улам системага 1-2 саат күч келген учур катталган.
«Мисалы, бир эле убакта 50 000ге жакын ата-эне балдарды каттоого аракет кылып жатты. Ошондуктан эмдиги жылы мындай болбосун деп мектепке электрондук каттоону быйыл октябрь айында баштоону пландаштырып жатабыз. Чет өлкөлөрдө бала төрөлгөндө эле кайсы бала бакчага, кайсы мектепке бара турганы аныкталат. Бизде да ошондой кылууга мүмкүнчүлүк бар», — деди ал.