Ички иштер министрлигинин Финансылык-экономикалык камсыздоо башкы башкармалыгы ведомстволук медалдарды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул максаттарга 2 миллион 64 миң сом бөлүү пландалууда.
Анын ичинде төмөнкүлөр өндүрүлөт:
«Жардам үчүн» медалы (1 миң даана);
«КР ИИМдин МТББга 100 жыл» юбилейлик медалы (100 даана);
«КР ИИМдин МТББнын мыкты кызматкери» төш белгиси (100 даана);
«ИИМ Ардагери» төш белгиси (300 даана);
«ИИМдин мыкты кызматкери» төш белгиси (800 даана);
«ИИМ Ардактуу тергөөчү» төш белгиси (200 даана).