Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында көп функционалдуу «Алга» спорт комплексин ачты. Иш-чаранын алдында мамлекет башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмү, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, административдик имараттары, ошондой эле 142 орундуу мейманканасы менен таанышты.
Ал ошондой эле дене тарбия-ден соолук чыңдоочу комплексин, машыгуу аянтчаларын, көп функциялуу спорт аянттарын, воркаут-зонаны жана кичи футбол талаасын көрүп чыкты.
Президент спорт комплекстин ачылыш салтанатында сөз сүйлөп, борбор калаабыз өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий очогу катары өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү бара жатканын өзгөчө белгиледи.
Ал бардык тармактарда курулуш иштери кызуу жүрүп жатканына жалпы эл күбө экенин белгиледи. Утурумдук ыңгайсыздык болгону менен, Бишкектин жашоочулары жана ордо шаарыбызга келген меймандар үчүн жайлуу жана башка жакшы шарттарды түзүүгө болгон күч-аракет жумшалууда. Себеби Бишкек — бул өлкөбүздүн жүзү.
«Борборубузда спорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткандыгы — мына ошондой иш-аракеттерибиздин бир бөлүгү.
Бүгүн ачылып жаткан спорттук жай — заманбап, көп тармактуу «Алга» спорт комплекси дагы ошол алдыга койгон максаттарыбыздын четинен иш жүзүнө ашып жаткандыгынын ачык далили.
Бул саамалык — калк саламаттыгы жана жаштардын өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүк», — деди Садыр Жапаров.
Ал спорт комплекстин жарым кылымдан ашуун бай тарыхы бар экенин эске салды. Учурунда «Эмгек резерви» деп аталган бул спорттук комплекс 1954-жылы курулуп, ошондон бери калаа тургундарына өз деңгээлинде кызмат көрсөтүп келген.
Президент ортодон бурулуштуу мезгилдер өтүп, башка бир катар объектилердей эле бул жай дагы кароосуз калгандыгын айрыкча, ушул аймактын тургундары жакшы билерин белгилеп өттү.
Комплексти реконструкциялоонун жүрүшүндө жер астындагы суунун деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу кыйынчылыктар болгон. Дренаждар тазаланып, жер астындагы суулар тартылып, аянт тегизделди. Кара топурак төгүлүп, көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
Жасалган иштердин натыйжасында борборубуздун түндүк бөлүгүндө жайгашып, 7,4 гектар аянтты ээлеген спорт комплекси жигердүү жаштарды кабыл алууга жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө толук даяр.
«Бул жерде ар кыл спорт түрлөрү боюнча машыгууга, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого бардык тиешелүү заманбап шарттар түзүлгөн. Бул боюнча жогоруда көрсөтүлгөн тасмадан көрө алдыңыздар. Анда айтылгандай, спорт комплексинин аймагында FIFA-4 стандартына ылайык жасалган 3000 орундуу футбол талаасы, машыгуу аянтчалары, көп функциялуу спорттук аянтча жана воркаут-зонасы, кичи-футбол талаасы — булардын баары эл аралык деңгээлге чыгууга умтулуу экенин байкоого болот», — деди мамлекет башчы.
Мындан тышкары заман талаптарына ылайык, мейманкана, ден соолукту чыңдоочу комплекс, 150дөн ашык унаа бата турган унаа токтотмосу, насостук станция, суу сактагыч жана откана да курулду.