22:28
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандыктарды Америкага кирүүгө тыюу салынабы?ТИМ АКШ консулун чакырды

Бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Америка Кошмо Штаттарынын кирүүсүнө чектөө киргизүү мүмкүндүгү тууралуу ЖМКлардагы маалыматтарга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берди.

«Учурда Америка Кошмо Штаттары коопсуздукту камсыздоого жана чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн жөнгө салууга багытталган миграциялык мыйзамдарды кароону улантууда. Учурда Америка тараптан Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир чектөөлөр киргизилгени тууралуу расмий маалымат келе элек», — деп билдирет министрлик.

Ошол эле учурда, The Washington Post басылмасында белгиленгендей, Кыргыз Республикасы жарандары мүмкүн болгон чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай критерийлер боюнча түзүлөөрү боюнча түшүнүксүз бойдон калууда", — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Буга байланыштуу аталган маселелер боюнча расмий түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн КР ТИМине АКШ элчилигинин консулу чакырылат.

Эске салсак, буга чейин АКШ дагы 36 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын кирүүсүнө чектөө киргизүүнү карап жатканы белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар