14:42
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Бишкекте кармалды

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери өткөн жуманын аягында мурда жоюлган кримавторитет Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаевди кармашкан. Аны менен бирге ыкчам кызматкерлер дагы үч кишини кармашканын укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар жер тилкелерине байланыштуу кылмыш ишине тиешеси бар.

Маалым болгондой, Жолдошбек Көлбаев Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) Борбордук Азиядагы аймактык академиясынын директору кызматын аркалайт.

Эске салсак, криминалдык чөйрөдө Коля Киргиз деген ат менен таанымал Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Укук коргоо органдары ал камакка алуу учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнүн айтышкан.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан жана Ички иштер министрлигинен азырынча расмий комментарий боло элек.

Эң көп окулган жаңылыктар