Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 14 баланы тарбиялап жаткан Майрамбек Алыбаевдин үй-бүлөсүнө Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Төрага унааны өз акчасына сатып алган. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Азыркы тапта калкыбыздын санын көбөйтүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты болууда. Айрыкча келечектеги демографиялык жагдайды эске алуу менен үй-бүлө институтун бекемдөө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүбүз кажет. Себеби, биз өлкөбүздү элибиздин аракети жана калкыбыздын көмөгү менен гана көтөрө алабыз. Айрым алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ», — деди ал.
Ошондой эле балдар бир ата-эненин гана эмес, жалпы мамлекеттин келечеги экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу Майрамбек Алыбаевдин үй-бүлөсү бардык кыргызстандыктарга үлгү экенин кошумчалады.