17-июнда күтүлгөн аба ырайы

18:46, 16 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 17-июнда түнкүсүн өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16... + 21, күндүз + 33... + 38

Талас облусунда түнкүсүн +13... + 18, күндүз + 30... + 35

Баткен облусунда түнкүсүн +18... + 23, күндүз + 33... + 38

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18... + 23, күндүз + 33... + 38

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9... + 14, күндүз +20...+25

Нарын облусунда түнкүсүн +7... + 12, күндүз + 23 ... +28

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +35...+37.