«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы «Бишкек — Балыкчы — Бишкек» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кошумча каттамдарын ачуу чечимин кабыл алды.
Маалыматка ылайык, мурда аталган поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген болсо, эми 19-июндан 7-июлга чейин дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.
Бул багытта жалпы 15 вагон каттамга тартылат.