Жайкы сезон. «Кыргыз темир жолу» Балыкчыга кошумча сапарларды баштады

10:12, 17 июня 2025, Бишкек - 24-kg.com

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы «Бишкек — Балыкчы — Бишкек» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кошумча каттамдарын ачуу чечимин кабыл алды.

Фото Транспорт министрлиги

Маалыматка ылайык, мурда аталган поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген болсо, эми 19-июндан 7-июлга чейин дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.

Бул багытта жалпы 15 вагон каттамга тартылат.