20:14
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Борбор Азия — Кытай» саммити: Президент Садыр Жапаров Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Казакстандын Астана шаарына «Борбор Азия — Кытай» Экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, саммиттин ишине Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын катышуусу пландалууда.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ошондой эле КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар