Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жарандардын айрым категорияларына мурда берилген жеңилдиктердин ордуна ай сайын төлөнүүчү акчалай компенсациялардын суммасын кайра эсептеп чыкты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул муктаждыктарга 91,8 миллион сом бөлүнгөн.
Кайра эсептөөнүн натыйжасында өлкө боюнча 8 миң 711 жаранга жалпысынан 91 миллион 793,6 миң сом компенсация төлөндү.
Кайра эсептөө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги Жарлыгын жана Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы токтомун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү, деп билдиришти ведомстводон.