13:05
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Профсоюздар федерациясынын 217 кыймылсыз мүлкүнүн 101 сатылып кеткен

Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу профсоюздун балансында турган мамлекеттик объектилерди субжарага бербей турганын убадалады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Мурадил Жумадилде уулунун айтымында, бүгүнкү күндө федерациянын мүлктөрүн инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү. Алсак, 217 кыймылсыз мүлк бирдигинен 30 жыл ичинде 101 объект сатылган.

«Бүгүнкү күндө 47 объект боюнча 108 сот иши жүрүп жатат. 1 гектар жер сатылып кеткен факты болуп, кийин ал бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Сатылган объекттердин эсебин алып жатабыз, акыркы ээлери менен прокуратура иш алып барууда», — деди ал.

Федерациянын жетекчисинин айтымында, профсоюз уюму имараттарды мурдакыдай субижарага бербейт.

Анын айтымында, «Саякат» мейманканасы мурда 2 миң долларга ижарага, 40 миң долларга кошумча ижарага берилген. Бул факты боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар