19:57
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Кыргызалтын»: Кумтөрдүн 2025-жылга алтын өндүрүү планы толугу менен аткарылат

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 2024-жылдагы өндүрүштүк көрсөткүчтөрү 2025-жылга алтын өндүрүүнүн белгиленген планын реалдуу жана толук ишке ашат деп айтууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов кендин иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Компаниядан билдиришкендей, ал Кумтөр кен жайындагы алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышып, ири жүк ташуучу унааларга орнотулган, кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн сыноо иштеринин жүрүшүн текшерип, кен жайынын Борбордук жана Сары-Төр карьерлеринин, алтын ылгоочу фабриканын, оор техникаларды оңдоочу жайдын иши менен таанышып чыкты.

Кубат Абдраимов «Кумтөр Голд Компани» үчүн ушул жылга белгиленген алтын өндүрүү планын так аткаруу тапшырмасын койду. Ошондой эле ал оор тоо-кен техникаларын оңдоочу жайдын жана май куюучу комплекстин ишине өзгөчө көңүл бурду.

«Азыр кен жайда эң заманбап атайын тоо-кен жана көмөкчү техникалар иштейт. Техника бийик тоо шартында, көбүнчө катаал аба ырайында тынымсыз иштегендиктен, ар кандай бузулуулар сөзсүз болот. Мында көп нерсе оңдоочу усталардын кесипкөйлүгүнөн көз каранды, алардын жогорку чеберчилигинен албетте эч ким шектенбейт. Күйүүчү май куюучу комплекске келсек, анын ишке киргизилиши дизель отунун колдонууну көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана олуттуу каржылык ресурстарды үнөмдөөгө мүмкүндүк бергенин белгилегим келет. Биз мындай жетишкендиктер менен токтоп калбашыбыз керек. Бул багыттагы ишти дайыма өркүндөтүп, санариптештирүү элементтерин активдүү илгерилетебиз», — деп белгиледи ал.

«Кыргызалтындын» жетекчиси ошондой эле күйүүчү май куюучу комплексти ишке киргизүү дизель майын колдонууга көзөмөлдү күчөтүүгө жана олуттуу каржылык үнөмдөөгө мүмкүндүк бергенин кошумчалады.

Ал компания өз ишин дайыма өркүндөтүп, санариптештирүү элементтерин жигердүү жайылтууга тийиш деп ишендирди.

Эң көп окулган жаңылыктар